# КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3859/edition/467219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (17.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202433

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 17-октябры № 218

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

толуктоо киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202433/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толук-

тоо киргизилсин:

16-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктал-

сын:

"Салык кызматы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен

алынган кирешелерди легалализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, конкреттүү салык тө-

лөөчүгө карата купуя маалымат болуп саналган документтерди жана маалы-

маттарды терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-

лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым

укуктуу органга берүүгө милдеттүү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202433/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
