# КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 217 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 217 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3858/edition/764752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 217 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202432

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары 2008-жылдын 17-октябры № 217

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202432/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 25-2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки- решелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланыш- кан шектүү операциялар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берүүгө багытталган ички контроль тутумуна ээ болууга тийиш. Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки- решелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча чара- ларды жүзөгө ашыруу жана шектүү бүтүмдөр боюнча контролду күчөтүү мак- сатында, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше- лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укук- туу органдан террордук (экстремисттик) ишке жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бар жактардын тизмеси жөнүндө маалыматты алышат.".

2. 45-1-статьянын 1-пункту "банк мыйзамдарын," деген сөздөрдөн ки-

йин "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республи- касынын Мыйзамын, " деген сөздөр менен толукталсын.

3. 53-статьядагы "арам акчаны "актоо" менен байланышкан" деген

сөздөр "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан" деген сөздөр менен алмашты- рылсын.

4. 54-статьяда:

2-пунктун 2-пунктчасы "Кыргыз банкына" деген сөздөрдөн кийин ", терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди лега- лизациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу орган- га" деген сөздөр менен толукталсын. статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча ый- гарым укуктуу органдын расмий суроо-талабынын негизинде "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошумча маалымат беришет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202432/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
