# КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3856/edition/467213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (17.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202430

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 17-октябры № 215

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине

толуктоолор киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202430/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.)

төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

182-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен

толукталсын:

"Мында, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки-

решелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык берилген маалыматтарды алууда тарап-

тардын макулдашуусу талап кылынбайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202430/st-2)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1998-ж., № 6, 226-ст.) тө-

мөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 773-статьянын 3-пункту "келтирилген зыяндардын" деген сөздөрдөн

кийин ", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-

лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамында каралган учурлардан башка" деген сөздөр менен

толукталсын;

2. 933-статьянын биринчи абзацы "алардын ден соолугунун абалы жө-

нүндө" деген сөздөрдөн кийин ", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жо-

лу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет-

тер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан баш-

ка" деген сөздөр менен толукталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202430/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
