# КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 214 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 214 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3855/edition/467211/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 214 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (17.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202429

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 17-октябры № 214

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу

2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202429/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-

дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-жыл, №

2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Өзгөчө бөлүктүн II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 35-3-глава ме-

нен толукталсын:

"35-3-глава

Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган

кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү

чөйрөсүндөгү мыйзамдарга шек келтирген администрациялык

укук бузуулар

### [505-17-статья. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен](https://aqlex.ai/kg/doc/202429/st-505-17)

алынган кирешелерди легализациялорго (адалдоого)

каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди

легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын та-

лаптарынын маалымат берүүчү жактар тарабынан ички көзөмөлдү уюштуруу

жагында аткарылбоосу, же болбосо милдеттүү көзөмөлгө алынуучу акчалай

каражаттар же башка мүлк менен болгон бүтүмдөр (операциялар) жөнүндө

маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кире-

шелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым

укуктуу органга атайылап бербей коюу же атайылап анык эмес маалыматты

берүү -

кызмат адамдарына жана жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, юри-

дикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өл-

чөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди жыл ичин-

де кайталап жасоо -

жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүүгө чейин-

ки, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көр-

сөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга, же болбосо белгилүү

бир иш-аракетти жүзөгө ашырууну соттун чечими менен токтото турууга, же

болбосо белгилүү бир иш-аракеттин түрлөрү менен иш алып барууга лицен-

зияны (уруксатты) алып коюуга алып келет.".

2. III бөлүмдүн 36-главасында:

508-статьянын 2-бөлүгү "505" деген сандан кийин ", 505-17" деген

сан менен толукталсын;

глава төмөнкүдөй мазмундагы 546-3-статья менен толукталсын:

"546-3-статья. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен

алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)

каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу

мамлекеттик орган

1. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-

лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган ушул кодекстин 505-17-статьясында каралган

администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

2. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-

лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдын атынан администрациялык укук бузуулар жө-

нүндөгү иштерди карап чыгууга жана администрациялык жаза колдонууга ор-

гандын жетекчиси жана анын орунбасарлары укуктуу.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202429/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
