# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3854/edition/1256891/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202428

---

КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары 2008-жылдын 15-октябры № 213

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202428/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республи- касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги- зилсин:

1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын статусун максаттарын, милдеттерин, принциптерин, функциясын, ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин аныктайт.".

2. 1-статьяда:

1-3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик аудит - аудит боюнча мамлекеттик бийлик органынын мамлекеттик ресурстарды (финансылык, материалдык ж.б.) башкаруу боюнча ишмердиги, анын максаты мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалану- унун натыйжалуулугу, финансылык отчет түзүүнүн жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн тууралыгы, финансылык тартип бузуулардын алдын алуу болуп эсептелет. Аудит - көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү, ошондой эле аудит жүргүзүүчү субъект тарабынан даярдалган маалыматтын тууралыгы жана ише- нимдүүлүгү жөнүндө отчет берүү. Аудиттин түрлөрү - финансы аудити, шайкеш келүү аудити жана натый- жалуулук аудити. Финансы аудити - аудиторго бардык финансы отчеттуулугу мыйзам та- лаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит объектинин финансы отчеттуу- лугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо. Шайкеш келүү аудити - аудит объекти тарабынан анын ишин жөнгө сал- ган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү. Натыйжалуулук аудити - аудит объектинин ишинин үнөмдүүлүгүн, өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун изилдөө жана талдоо. Тышкы аудит - ички аудиттин натыйжалуулук аудитин кошкондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчет берүүсүнө, анын ишинин натыйжалуулугуна аудит жүргүзүүгө чакырылган мамлекеттик аудиттин жогорку органынын көз карандысыз функциясы. Ички аудит - ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана на- тыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлү- гүнө жана тууралыгына, ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө, активдердин сакталышына жана Кыр- гыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоону, баалоону жана мониторингди өзүнө камтыган ички аудит объектисинин ичинде аткарылуучу көз карандысыз жана калыс функция. Алдын ала изилдөө - аудит жүргүзүүгө ыйгарым укук алынганга чейин статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчетторду алуу;"; Статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын: "Финансы дисциплинасы - экономикалык иштин бардык субъекттери жана алардын кызмат адамдары үчүн мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен байланыштуу болгон милдеттүү тартип."; 9-бөлүк 10-бөлүк деп эсептелсин.

3. 3-статьяда:

статьянын аталышындагы "жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине отчет берет.".

4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья Эсептөө палатасынын ишинин максаты

Эсептөө палатасынын ишинин негизги максаты аудит жана аудиттин на- тыйжалуулугу: республикалык бюджеттин аткарылышына, жергиликтүү бюджет- ти, бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды түзүүгө жана аткарууга, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга баа берүү, мамле- кеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу болуп саналат.".

5. 5-статьяда:

2-бөлүгүндөгү "мекемелеринин" деген сөздөн кийин "мамлекеттик" де- ген сөз менен толукталсын; 4-бөлүктөгү "33 пайыз жана андан ашыкты" деген сөздөр "10 пайыз жана андан ашыкты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 7-статьяда:

1-8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын ишине аудит;

2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;

3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикке катышууда чоњ үлүшү

бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;

4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;

5) каражаттарды республикалык же жергиликтүү бюджеттерден алган

жеке менчик же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын, аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;

6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын

абалына жана аны тескөөгө аудит;

7) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-та-

лаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;

8) козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын су-

роо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын) токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө ка- рабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-16-пункттар менен толукталсын: "14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча опе- рацияларды жүзөгө ашырууга, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит;

15) коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер

тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө аларга аудит;

16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын

Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине сунуштарды киргизүү.".

7. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары

1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) белгиленген статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчет-

туулукка алдынала изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

2) ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн багыттар боюнча аудит

жүргүзүүгө жана жыйынтыктары боюнча аудит жөнүндө отчет жана башка от- четторду берүүгө;

3) аудит объектисинин ишине тиешелүү корутундуларды берүүгө;

4) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аудит объекттерине

милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрук берүүгө;

5) Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик бийлик жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден жана уюмдардан Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суралуучу маа- лыматтарды белгиленген мыйзамдын чектеринде алууга. Кыргыз Республика- сынын Улуттук банкы, банктар жана башка кредиттик-финансылык мекемелер Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча жана "Банктык жашырын сыр жө- нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык эгер- де алар республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каражат алышса, кото- рушса, пайдаланышса же мамлекеттик менчикти пайдаланышса, же болбосо аны башкарышса, ошондой эле улуттук мыйзамдар же мамлекеттик бийлик ор- гандары тарабынан берилген салыктык, бажылык жана башка жењилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болушса операцияларга жана аудит жүргүзүлүүчү объекттердин эсептеринин абалына зарыл болгон документтик ырастоону бе- рүүгө тийиш;

6) акчанын өз учурунда келип түшүүлөрүнө, мыйзамдуу бекитилген

көрсөткүчтөр менен салыштырганда республикалык бюджетти аткаруу процес- синде бюджеттик ассигнованиелерди иш жүзүндө чыгымдоого ыкчам контролду ишке ашырууга, четтеп кетүүлөрдү жана тартип бузууларды аныктоого, аларга талдоо жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.

2. Эсептөө палатасынын төмөнкүлөргө укугу жок:

1) аудит объекттеринин саясый максаттарын илгерилетүүгө;

2) аудит объектисинин кызмат адамдарына жана кызматкерлерине адми-

нистрациялык жана башка санкцияларды колдонууга.".

8. 9-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын "Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын төрагасынан, үч аудиторунан, аппаратынан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн түзүлөт."; 2-бөлүк алып салынсын; 3-бөлүктө:

- "бекитилет" деген сөз "түзүлөт" деген сөз менен алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эсептөө

палатасынын түзүмү жана штаттык расписаниеси бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чегинде Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекити- лет.".

9. 11-статьяда:

1 жана 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эсептөө палатасы өз ишин стратегиялык, жылдык жана утурумдук пландардын негизинде жүргүзөт, алар Эсептөө палатасынын ишинин бардык багыттарын эске алуу менен мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруу зарылчылы- гынан улам түзүлөт. Эсептөө палатасынын иш планына Кыргыз Республикасынын Президенти- нин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, анын профилдик Комитети- нин тапшырмалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн су- роо-талаптары киргизилет. Эсептөө палатасынын жана анын аймактык бөлүм- дөрүнүн иш планы Эсептөө палатасынын Кењешинде бекитилет."; 3-бөлүктөгү "жүргүзүлгөн" деген сөз "кабыл алынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Пландан тышкаркы контролдук иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тапшырмаларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин суроо-талаптарынын неги- зинде жүргүзүлөт.".

10. 12-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп жети адамдан: Эсептөө палатасынын төрагасынан жана аудиторлорунан, Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлүнөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши- нин эки депутатынан турган Эсептөө палатасынын Кењеши саналат."; 5-бөлүктө:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) стратегиялык, жылдык жана утурумдук иш пландарды карайт жана бекитет;";

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) аудиторлордун, топтордун жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчиле- ринин аудит жана натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетторунун долбоорлорун угат;";

- 6-пунктундагы "иштеп чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 7-пунктундагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын;

- 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун бекитет;

9) Эсептөө палатасынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык

бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат;".

11. 14-статьянын 3-бөлүгү "бюджеттин" деген сөздөн кийин "жана

гранттардын" деген сөздөр менен толукталсын.

12. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жогорку билимдүү жана мамлекеттик башкаруу, аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында 15 жылдан кем эмес кесиптик таж- рыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын төрагасы боло алат."

13. 17-статьянын 1-бөлүгүндө:

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-пункттар менен толукталсын: "1) Кыргыз Республикасынын Президентине Эсептөө палатасынын ауди- торунун кызмат ордуна талапкерлер боюнча сунуш киргизет;

2) бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чегинде Эсептөө пала-

тасынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;"; 1-6-пункттар тиешелүү түрдө 3-8-пункттар деп эсептелсин; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: "9) текшерүүдө табылбаган тартип бузуулар жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер аныкталганда кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө маселени че- чет;"; 7 жана 8-пункттар тиешелүү түрдө 10 жана 11-пункттар деп эсептел- син; 9-пункт 12-пункт деп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда баян- далсын: "12) аудитти жана натыйжалуулук аудитин өткөрүү мөөнөттөрүн узар- тат аудиттердин жыйынтыктары боюнча айрым отчетторду карап чыгуу чечи- мин кабыл алат;"; 10-14-пункттар тиешелүү түрдө 13-17-пункттар деп эсептелсин.

14. 18-статьянын 2-пунктунун 6-пунктчасындагы "Аудитордун" деген

сөз алып салынсын.

15. 20-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында 10 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аудитору боло алат."

16. 21-статьяда:

2-пункту алып салынсын; 3-6-пункттары тиешелүү түрдө 2-5-пункттар деп эсептелсин; 4-пунктундагы "мурда" жана "бул жолку" деген сөздөр алып салынсын; 5-пунктундагы "компьютерлер убактылуу алып коюлат" деген сөздөр "компьютерлерди убактылуу алып коюу сунуш кылынат" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7 жана 8-пункттар 6 жана 7-пункттар деп эсептелип, төмөнкүдөй ре- дакцияда баяндалсын: "6) иштин башкаруу багыттары боюнча аудиттин материалдарын кабыл алуу үчүн жооптуу болуп дайындалууга;

7) башкаруу багыттарына иштин жыйынтыгы боюнча отчетко кол коюуга

өзгөчө укугу бар;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын: "8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын жыйналыштарына жана сессияларына Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат.".

17. 22-статьянын 2-бөлүгүндө:

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын: "1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кењеши тарабынан аныкталуучу Эсептөө палатасынын ишинин белгиленген багыттары үчүн;"; 1-6-пункттар тиешелүү түрдө 2-7-пункттар деп эсептелсин; 6-пункттагы "Аудитордун" деген сөз алып салынсын.

18. 24-статьяда:

статьянын аталышындагы "Эсептөө палатасынын" деген сөздөн кийин "аппаратынын жана" деген сөздөр менен толукталсын; 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, эконо- мика, финансы жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аппаратынын жана аймактык бөлүмүнүн жетекчиси боло алат."; 2-пункту "Эсептөө палатасынын" деген сөздөн кийин "аппаратынын жа- на" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Аппараттын жетекчиси аппараттын ишине жетекчиликти ишке ашырат жана анын ишин уюштурат, Эсептөө палатасынын төрагасынын тапшырмаларын аткарат."; 3 жана 4-пункттар тиешелүү түрдө 4 жана 5-пункттар деп эсептелсин; 4-пункта;

- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) аймактык бөлүмдүн иш планын иштеп чыгат жана Эсептөө палатасы- нын Кењешине сунуш кылат;";

- 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн аудит- тер жөнүндө отчетторго кол коет;"; 5-пунктта:

- 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн компетенциясынын алка- гында даярдалган аудит жөнүндө отчетторду жана башка отчетторду Эсептөө палатасына берүүгө;";

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

"5) Эсептөө палатасынын төрагасы менен макулдашып айрым аудиттер боюнча отчеттордун долбоорлорун Эсептөө палатасынын Кењешинин карап чы- гуусуна киргизүүгө;";

- 5-пунктча 6-пунктча деп эсептелсин.

19. 25-статьяда:

статьянын аталышында жана текстинде "адистер" деген сөз "кызмат- керлер" деген сөз менен алмаштырылсын; 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасы- нын жараны Эсептөө палатасынын кызматкери боло алат.";

- 2-бөлүгүндө:

- 3-пунктундагы "финансы контролун жүзөгө ашырган органдар" деген

сөздөр "салык жана бажы органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "Кењешине" деген сөз "төрагасына" деген сөз менен

алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) аудитти жүргүзүүгө отчетко кол коюу укугу менен аны жүргүзүү үчүн топтун жетекчиси болуп дайындалууга."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Эсептөө палатасынын кызматкери, эгерде төмөндөгүлөр орун алса ау- дитти же натыйжалуулук аудитин жүргүзүүгө укугу жок:

1) аудит объектисинин жетекчисинин, уюштуруучусунун же кызматкери-

нин жакын тууганы болсо;

2) аудит объектисине таандык болгон жеке мүлктүк кызыкчылыктарга

ээ болсо;

3) аудитке алынып жаткан мезгил аралыгында аудит объектисинин кыз-

маткери болгон учурда.".

20. 28-статьяда:

статьянын аталышында жана текстинде "аудитор" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору кызматка дайындалгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналышында ант бери- шет: "Мен,..... Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы (аудитору) кызматына киришүү менен Кыргыз Республикасына ак ниет иштөөгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо- го, өз милдетимди мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыгында ак-ни- ет, так жана кесипкөйлүк менен аткарууга ант беремин. Эгерде ушул бер- ген антымды бузсам Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алдында жоопкерчи- лик тартам.". Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эсептөө палатасынын Кењешинде ант беришет."; 2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.

21. 36-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аудитти жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарына ылайык атайын каражаттардын эсептери түзүлгөн ишкана- лардын, уюмдардын жана бирикмелердин ушул каражаттарга аудит бөлүгүндө кирешелерине жана чыгашаларына таркатылат.".

22. 44 жана 45-статьялардагы "мамлекеттик секторлордо" деген

сөздөр алып салынсын.

23. 55-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана аудиттин натыйжалуулугун" де-

ген сөздөр алып салынсын.

24. 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"60-статья. Атайын отчеттор

Эсептөө палатасы өзгөчө маанилүү же шашылыш маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши үчүн атайын отчет даярдайт.".

25. 62-статьяда:

4-бөлүктө "басылмаларды" деген сөздөн кийин "атайын ушул максат- тарга республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттарга" деген сөздөр менен толукталсын.

26. 63-статьяда:

1-бөлүктө "бюджеттен" деген сөздөн кийин "жана башка каражаттар- дан" деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүктөгү "бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик ко- митетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

27. 64-статьяда:

"бюджет боюнча комитетине" деген сөздөр "профилдик комитетине" де- ген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Материалдык-техникалык базаны чыњдоо, кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу жана аудитордук иштин жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн Эсептөө палатасын күтүүгө кеткен чыгашалардын сумма- сынын 10 пайыз өлчөмүндө атайын фонд түзүлөт. Бул фондду пайдалануу тартиби Эсептөө палатасынын тиешелүү Регламенти тарабынан жөнгө салы- нат.".

28. 68-статья алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202428/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
