# КР 2008-жылдын 13-октябрындагы № 210 "Кыргыз Республикасында эн төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 13-октябрындагы № 210 "Кыргыз Республикасында эн төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3851/edition/802203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 13-октябрындагы № 210 "Кыргыз Республикасында эн төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Мыйзамы (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202425

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2008-жылдын 13-октябры № 210

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө

(КР 2017-жылдын 6-майындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2008-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202425/st-1)

Эң төмөнкү эмгек акы (эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү) - нормалдуу эмгек шартында жөнөкөй ишти аткарууда жумуш убактысынын нормасын толук иштеп бүткөн квалификациясы жок кызматкерлердин эмгеги үчүн бир айлык эмгек акынын гарантиялык өлчөмү.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202425/st-2)

Эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү аны эмгекке жарамдуу адамдын тири- чилик минимумунун чегине чейин этап-этап менен жогорулатуу принцибинен чыгып, Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында белгиленет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202425/st-3)

Эң төмөнкү эмгек акынын өлчөмү, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пенсияларды эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоону кошпогондо, үстөк акыларды, кошумчаларды, сыйлыктарды жана башка социалдык төлөмдөрдү эсептөө үчүн пайдаланылбайт. (КР 2017-жылдын 6-майындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202425/st-4)

Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтир-

син;

- Кыргыз Республикасында тиричилик минимумун эсептөөнү аныктоонун

тартибин жана өлчөмүн белгилөөчү мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине белгиленген тартипте киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
