# КР 2008-жылдын 2-октябрындагы № 203 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 2-октябрындагы № 203 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3845/edition/467190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 2-октябрындагы № 203 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202418

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 2-октябры № 203 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202418/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 250-берененин экинчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын учурунда депутаттар тарабынан жазуу же оозеки түрдө аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына берилген суроо-талаптары стенограмма боюнча Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан жол-жоболоштурулат, депутат жеке өзү кол коет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин Аппараты тарабынан аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына жөнөтүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202418/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
