138-статья. , 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 142-145,
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
146-1-149, 152-статьялары), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Рес-
публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары), кызматтык
кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-1,
305-1, 305-2-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Рес-
публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-323-статьялары, 324-статьясынын
экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-335-статьялары), башкаруу тартибине
каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340,
341-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын
тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(4) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге
милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча
тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(5) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик
эмес ишканалар менен уюмдарда кызматтын таламдарына каршы кылмыштар
жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-186,
188-193, 195-203, 208, 209, 211-225-статьялары) жазык иштери боюнча
тергөө финансылык полиция органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан
жүргүзүлөт.
(6) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291-статьялары) жазык иште-
ри боюнча тергөө финансылык полиция органдарынын жана улуттук коопсуз-
дук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(7) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Респуб-
ликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-207-статьялары) жазык иштери боюн-
ча тергөө бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(8) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Респуб-
ликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-статьясы) жазык иштери боюнча
тергөө бажы органдарынын жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабы-
нан жүргүзүлөт.
(9) Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыш-
тар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
246-254-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын
бањгизатка контролдук кылуу боюнча органдын, ички иштер органдарынын,
бажы органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү та-
рабынан жүргүзүлөт.
(10) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Рес-
публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы), тизмелөөгө же камак
салынган, болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер
жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-статьясы),
башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кыл-
мыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар
жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 171,
173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана финансы по-
лициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(11) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бар-
дык кылмыштар Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин жазык-атка-
руу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(12) Кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кыл-
мыш-жаза кодексинин 303, 304, 305, 306-309, 315, 316-статьялары) жазык
иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын, финансы полициясынын,
ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук жана бажы органдарынын
тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(13) Кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кыл-
мыш-жаза кодексинин 310-314-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө про-
куратура органдарынын, финансы полициясынын, ички иштер органдарынын,
улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасы-
нын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары) жазык иштери
боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын
тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(15) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Рес-
публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясы) жазык иштери боюнча
тергөө финансы полициясынын, бажы жана улуттук коопсуздук органдарынын
тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
(16) Ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү жазык иштери, ал иш-
ти козгогон органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет.
(17) Ушул статьяда каралган ар кандай органдардын кароосуна ти-
йиштүү кылмыштар чогуу болгон учурда тергөөгө тийиштүүлүк кайсы кылмыш
оор болсо ошого карата аныкталат.
(18) Тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык
иштерин тергөөгө, ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн
1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жол берилбейт.".
12. 169-1-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"(1) Ушул Кодекстин 32-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган учур-
ларда, тергөөчү прокурордун макулдугу менен тергөө аракеттерин жүргүзүү
жөнүндө сотко өтүнүч кыла алат, ал туурасында токтом чыгарат.";
5-бөлүк алып салынсын;
6-бөлүк тиешелүүлүгүнө жараша 5-бөлүк деп эсептелсин жана "4 жана
5-бөлүктөрүнө" деген сөздөр "төртүнчү бөлүккө" деген сөздөргө алмашты-
рылсын.
13. 177-статьянын 9-бөлүгүндө:
"сот чечиминин негизинде" деген сөздөр "прокурордун санкциясы ме-
нен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмү алып салынсын.
14. 184-статьяда:
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) тинтүү жана алып коюу, ошондой эле турак жайда тинтүү жана
алып коюу прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн жүйөөлүү токтому бо-
юнча калыс күбөлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлөт.";
4-бөлүктөгү "тергөө органы тинтүү жана алып коюуну жүргүзүүгө не-
гиз болуучу соттун чечимин алганга чейин алгачкы тергөө органы объекти-
ни кайтарууну уюштурат" деген сөздөр "тинтүү прокурордун санкциясыз
тергөөчүнүн токтому боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок кийин суткалык
мөөнөттө билдирүү менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-бөлүк алып салынсын.
8-17-бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша 7-16-бөлүктөр деп эсептелсин.
15. 187-статтьяда:
2-бөлүктөгү "ушул Кодекстин 169-1-статьясында белгиленген тартипте
кабыл алынган соттун чечиминин негизинде" деген сөздөр "прокурордун
санкциясы менен тергөөчүнүн токтому боюнча" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын;
4-бөлүктөгү "почта-телеграфтык жөнөтүүгө камак салуу жөнүндө чечим
кабыл алынган учурда" деген сөздөр "прокурордун санкциясын алгандан ки-
йин тергөөчү токтомду" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-бөлүктөгү "тууралу сотту милдеттүү кабарландыруу менен камак са-
луу жөнүндө чечимди кабыл алган тергөөчү жана прокурор тарабынан" деген
сөздөр "тергөөчү тарабынан прокурорго милдеттүү түрдө кабарландыруу ме-
нен," деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 188-статьяда:
1-бөлүктөгү "ушул Кодекстин 169-1-статьясында белгиленген тартипте
кабыл алынган сот чечиминин негизинде" деген сөздөр "прокурордун санк-
циясы менен тергөөчүнүн токтому боюнча" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
2-бөлүктөгү "соттун чечиминин негизинде" деген сөздөр "прокурордун
санкциясы менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "өтүнүчүндө" деген сөздөр "токтомунда" деген сөздөр
менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
138-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202417/st-138" title="138-статья - Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>