# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202417)
- Толук аталышы: КР Мыйзамы 2008-жылдын 14-июлу № 142 "Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202417/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3844/edition/858210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202417/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу, 1-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202417/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 10, 442-ст.)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья. Турак жайдын колтийгистиги, адамдын өмүрүн коргоо, кат

алышуунун,телефондо сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф

жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугу

(1) Жарандарга турак жайынын колтийгистиги кепилденет. Ушул Ко-

дексте каралган учурлардан жана тартиптен тышкары эч ким турак жайга

анда жашаган адамдардын эркине каршы кире албайт.

(2) Жарандын абийири жана ар-намысын сактоо мыйзамдын коргоосунда

турат. Кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык жа-

на башка кабарлашуулардын жашырынуудулугу мыйзам менен корголот. Ал

укукка чек коюуга прокурордун санкциясы менен гана жол берилет.

(3) Байланыш мекемелеринде почта жана телеграфтык жөнөтүүлөрдү

тинтүү, алып коюу, арест коюу, телефон жана башка сүйлөшүү жабдуулары

боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө контролдук кылуу жана жазып алуу

ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте гана жүргүзүлүшү

мүмкүн.".

2. 26-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "110-статьяда,"

деген сөз алып салынсын.

3. 32-статьянын 2-бөлүгүндөгү 4-10-пункттар алып салынсын.

4. 34-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен то-

лукталсын:

"17) тергөөчүгө камакка алуу же үй камагына алуу түрүндө бөгөт ко-

юу чарасын тандап алуу жөнүндө, шек саналуучуну же айыпталуучуну соттук

чечимдин негизинде жол берилген камакка алууда кармоонун мөөнөтүн узар-

туу жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө.".

5. 39-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "тергөөчү" деген

сөз "прокурордун макулдугу менен тергөөчү" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

6. 110-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "тергөөчү" деген

сөз "прокурордун макулдугу менен тергөөчү" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

7. 112-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(3) Соттук чечимдин негизинде тандалып алынган бөгөт коюу чарасы

кылмыш иликтөөсү токтотулган, тергөө мөөнөттөрү, амнистия актысын кол-

донуу узартылбаган учурларда прокурордун макулдугу менен чечим кабыл

алган сотко билдирүү менен соттун чечими, тергөөчүнүн, прокурордун ток-

тому боюнча өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн.".

8. 118-статьяда:

1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(1) Прокурор, прокурордун макулдугу менен тергөөчү, сот эгерде

айыпталуучу, соттолуучу тергөөнү объективдүү жүргүзүүгө жана сотто ишти

териштирүүгө, келтирилген зыяндын ордун толтурууга тоскоолдук кыла тур-

гандыгы же ошол кызмат ордунда тургандыгына байланыштуу кылмыштуу ишин

улантышы мүмкүн деген жетиштүү негиздер болгон кезде аларды ээлеген

кызматтарынан убактылуу четтетүүгө укуктуу.

(2) Айыпталуучуну, соттолуучуну ээлеген кызматынан убактылуу чет-

тетүү жөнүндө токтом алар иштеген жер боюнча уюмдун жетекчисине жибери-

лет, ал аны алгандан кийин үч күндүк мөөнөттө аны аткарууга жана бул

туурасында ал адамга же органга билдирүүгө милдеттүү.";

3-бөлүк алып салынсын, 4-бөлүк тийиштүү түрдө 3-бөлүк деп эсептел-

син жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(3) Айыпталуучуну, соттолуучуну ээлеген кызматынан убактылуу чет-

тетүү бул чараларды колдонууга зарылчылык болбой калганда соттук чечим-

дин, тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун негизинде жокко чыгарылат.".

9. 119-статьянын 1-бөлүгүндө:

"тергөөчү камак салуу жөнүндө өтүнүч козгошот" деген сөздөр "про-

курордун санкциясы менен камак салат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи сүйлөм алып салынсын.

10. 132-статьяда:

1-бөлүктөгү "мыйзамсыз жазык ишин козгоо" деген сөздөр алып салын-

сын;

3-бөлүктүн 4-пунктундагы ", жазык ишин козгоо" деген сөздөр алып

салынсын.

11. 163-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"163-статья. Тергөөнүн караштуулугу

(1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Рес-

публикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статья-

нын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намы-

сына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын

Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлү-

гү), инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы

кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин

129-133-статьялары), үйбүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар

жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-163-статья-

лары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кыл-

мыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 170, 172-172-2, 174-177-статья-

лары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республика-

сынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 231, 234-245-статьялары), калктын са-

ламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255-264-статьялары), жолдо жү-

рүүнүн жана транспортту эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыш-

тар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин

280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республи-

касынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-339-статьялары) жана башкаруу тарти-

бине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин

343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички

иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(2) Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республи-

касынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конститу-

циялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кыл-

мыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин

292-302-статьялары), мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыр-

гыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жа-

на адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасы-

нын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча

тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан

жүргүзүлөт.

(3) Адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркин-

диктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза

кодексинин 136-статьянын үчүнчү бөлүгү, 137-статьянын экинчи бөлүгү,

---

Кийинки берене: [138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202417/st-138)
