# 7-берене. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жана аны түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202416)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-августундагы № 202 "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3843/edition/1179496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202416/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 7-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-7

---

1. Кооптуу өндүрүш объектини пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу бул Мыйзамга ылайык, үчүнчү жактын кызыкчылыгына карата камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде иш жүзүнө ашырылат.

2. Кооптуу өндүрүш объектини пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде, туруксуздукка төлөмдү жана кызыкчылыкты жоготуу боюнча моралдык чыгымды кошпогондо, кооптуу өндүрүш объекттеринде болгон авариянын натыйжасында үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын натыйжасында чыгуучу милдеттенме боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими) каралат.

3. Камсыздандыруу келишими, милдеттүү камсыздандыруунун бул түрү боюнча ишмердикти жүзөгө ашырууга укуктуу уруксаты болгон камсыздандыруучу менен гана түзүлүшү мүмкүн.

Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоодо эркин. Камсыздандыруучу жазуу жүзүндө жүйөлүү жана негиздүү баш тартуу берүү аркылуу камсыздандырылуучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу. Камсыздоо келишими боюнча, камсыздандырылуучу камсыздоо сыйлыгын төлөп турууга милдеттенет жана камсыздандыруучу бул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте, камсыздоо жагдайы болгон кезде тиешелүү өлчөмдө камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) камсыздоо төлөмдөрүн жүзөгө ашырууга милдеттүү.

4. Камсыздоо келишими жазуу жүзүндө камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга камсыздоо полисин берүү жолу менен түзүлөт.

Камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун арызы эсептелет. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде тиешелүү көрсөтмө, шарттар толук болбой калган учурда камсыздандыруучу жоопкерчилик тартат.

5. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин негизги шарты (камсыздоо полиси) бир камсыздандыруу жагдайы боюнча камсыздандыруучунун жоопкерчилик лимити болуп саналат.

6. Эгер камсыздандыруучу кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) же үчүнчү жактын ушул Мыйзамда каралгандан начарлаган жагдайында түзсө, анда камсыздандыруу жагдайы түзүлгөндө камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) же үчүнчу жактын алдында ушул Мыйзамда белгиленген шартта милдеттенме алат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-8)
