7-берене. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жана аны түзүүнүн тартиби
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Кооптуу өндүрүш объектини пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу бул Мыйзамга ылайык, үчүнчү жактын кызыкчылыгына карата камсыздандырылуучунун жана камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде иш жүзүнө ашырылат.
2. Кооптуу өндүрүш объектини пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде, туруксуздукка төлөмдү жана кызыкчылыкты жоготуу боюнча моралдык чыгымды кошпогондо, кооптуу өндүрүш объекттеринде болгон авариянын натыйжасында үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын натыйжасында чыгуучу милдеттенме боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими) каралат.
3. Камсыздандыруу келишими, милдеттүү камсыздандыруунун бул түрү боюнча ишмердикти жүзөгө ашырууга укуктуу уруксаты болгон камсыздандыруучу менен гана түзүлүшү мүмкүн.
Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоодо эркин. Камсыздандыруучу жазуу жүзүндө жүйөлүү жана негиздүү баш тартуу берүү аркылуу камсыздандырылуучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу. Камсыздоо келишими боюнча, камсыздандырылуучу камсыздоо сыйлыгын төлөп турууга милдеттенет жана камсыздандыруучу бул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте, камсыздоо жагдайы болгон кезде тиешелүү өлчөмдө камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) камсыздоо төлөмдөрүн жүзөгө ашырууга милдеттүү.
4. Камсыздоо келишими жазуу жүзүндө камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга камсыздоо полисин берүү жолу менен түзүлөт.
Камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун арызы эсептелет. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде тиешелүү көрсөтмө, шарттар толук болбой калган учурда камсыздандыруучу жоопкерчилик тартат.
5. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин негизги шарты (камсыздоо полиси) бир камсыздандыруу жагдайы боюнча камсыздандыруучунун жоопкерчилик лимити болуп саналат.
6. Эгер камсыздандыруучу кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) же үчүнчү жактын ушул Мыйзамда каралгандан начарлаган жагдайында түзсө, анда камсыздандыруу жагдайы түзүлгөндө камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) же үчүнчу жактын алдында ушул Мыйзамда белгиленген шартта милдеттенме алат.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202416/st-7" title="7-берене - Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>