# 5-берене. Кооптуу өндүрүш объектилер

- Документ: [Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202416)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-августундагы № 202 "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3843/edition/1179496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202416/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 5-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-5

---

1. Кооптуу өндүрүш объектилерге "Кооптуу өндүрүш объектилеринин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган объектилер кирет.

2. Эгерде кооптуу өндүрүш объектини пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин мөөнөтү өтө элек аралыкта объект ушул берененин 1-пунктуна ылайык келбей калса, анда камсыздандыруучу кооптуу өндүрүш объектилердин катарынан чыгарууга чечим кабыл ала турган ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү жана объектини мамлекеттик каттоодон чыгарат, камсыздандырылуучуга жана камсыздандыруучуга каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-6)
