# 4-берене. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоокерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери

- Документ: [Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202416)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-августундагы № 202 "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3843/edition/1179496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202416/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 4-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-4

---

1. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу, курчап турган чөйрө үчүн жогорку коркунучка байланышкан ишмердикти ишке ашыруу боюнча зыяндын ордун толтурууну камсыз кылат жана камсыздандыруунун милдеттүү түрү болуп эсептелет.

2. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

- ушул Мыйзамда белгиленген чекте жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү кепилдиги;

- кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун жалпылыгы жана милдеттүүлүгү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-5)
