# 17-берене. Зыян келтирген жакка кайра талап коюу укугу

- Документ: [Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202416)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-августундагы № 202 "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3843/edition/1179496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202416/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 17-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-17

---

1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүп жаткан камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга төлөнгөн сумманын деңгээлинде төмөндөгү жагдайларда кайра талап коюу укугуна ээ болот:

1) камсыздандыруу жагдайы болушун камсыздандырылуучу атайлап жасаса же анын болушуна шарт түзсө;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте, камсыздандырылуучунун аракети атайын күнөө же административдик укук бузуу, камсыздандыруу жагдайынын болушуна себеп болгон деп таанылса;

3) камсыздандырылуучу тарабынан зыяндын көлөмүн көтөрүү үчүн атайы ойлонулган чаралар көрүлүп, азайтуу аракети жасалбаса;

4) камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга камсыздандыруу объектиси, камсыздандыруу тобокелчилиги, камсыздандыруу жагдайы жана анын кесепети тууралуу жалган билдирүү берилген мезгилде;

5) камсыздандырылуучунун камсыздандыруу жагдайынын болушуна жооптуу жакка өзүнүн талаптарын коюу укугунан баш тартканда, камсыздандыруучуга талап коюу укугунун өтүшү үчүн керектүү документтерди берүүдөн баш тартканда.

2. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулган келтирилген зыян үчүн жооптуу камсыздандыруучуга төлөнгөн сумманын чегиндеги камсыздандырылуучунун кайра талап кылуу укугу өтөт.

3. Кооптуу өндүрүш объектисинде болгон аварияга, атайын ойлонгон аракеттен башка учурда, алардын кызматтык же башка эмгектик милдеттери себеп болуп эсептелсе, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүчү камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун кызматкерине кайра талап коюу укугуна ээ эмес.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-18)
