# 12-берене. Үчүнчү жактын укуктары

- Документ: [Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202416)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-августундагы № 202 "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3843/edition/1179496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202416/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 12-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-12

---

1. Үчүнчү жак төмөнкүлөргө укуктуу:

1) камсыздандыруучуга кооптуу өндүрүш объектисинде болгон авариянын натыйжасында камсыздандыруу жагдайынын болгондугу жөнүндө билдирүүгө;

2) камсыздандырылуучу менен бирдикте камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн документтерди чогултуу жана аларды камсыздандыруучуга берүүгө;

3) келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;

4) келтирилген зыяндын көлөмүн баалоонун жыйынтыгы жана камсыздандыруу кайтарымынын эсеби менен танышууга;

5) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу кайтарымынын өлчөмүн алууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткандыгы же азайткандыгы боюнча талаш-тартышка барууга;

7) камсыздандыруу кайтарымына белгиленген суммадан ашык келтирилген зыянды калыбына келтирүү жөнүндө камсыздандырылуучуга талап коюуга.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда үчүнчү жактын укуктары ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленгендей башка жакка (пайда табуучуга) өтүп кетет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-13)
