# 10-берене. Камсыздандырылуучунун укугу жана милдети

- Документ: [Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202416)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-августундагы № 202 "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3843/edition/1179496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202416/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 10-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-10

---

1. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу шарттарын түшүндүрүүнү, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин камсыздандыруучудан талап кылуу;

2) камсыздандыруу тобокелчилигинин баалоо үчүн көзкарандысыз эксперт чакыруу;

3) милдеттүү камсыздандыруу келишими колдонуудагы мезгилде камсыздандыруучунун макулдугу боюнча камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин камсыздандыруу суммасын же көлөмүн көбөйтүүгө;

4) келишими (камсыздандыруу полиси) жоголуп кеткен учурда анын дубликатын алууга;

5) үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;

6) көз карандысыз эксперт жана (же) камсыздандыруучу тарабынан каралып чыккан камсыздандыруу кайтарымынын эсептери жана келтирилген зыяндын көлөмүн баалоонун жыйынтыгы менен таанышууга;

7) Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартуусу же анын өлчөмүн азайтуу боюнча талаш-тартышка чыгууга;

9) Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдаланууда камсыздандыруу тобокелчилигин төмөндөтүүгө алып келиши мүмкүн болгон кырдаал өзгөргөн учурда (анын болушу менен камсыздандыруу жагдайынын же келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын күтүлүшү толук ыктымал болгондо) келишимдин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;

10) ушул мыйзамда каралган учурда жана тартипте камсыздандыруу төлөмүн төлөтүп алууга.

2. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыздандырылуучуга таап берүүгө;

2) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандаруу сыйлыгын төлөп турууга;

3) камсыздандыруу ишине киришүүдөгү татаалдашкан кырдаалда зыянды болтурбоонун алдын алуу жана өлчөмүн азайтуу боюнча, анын ичинде мүлктү куткаруу жана жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүү боюнча туура жана жеткиликтүү чараларды кабыл алууга;

4) ага белгилүү болгондон кечиктирбестен, үч жумушчу күндүн ичинде, камсыздандыруучуга билдирүү жана тиешелүү мамлекеттик органга каттатуу, компетенциясына жараша (райондогу өзгөчө кырдаалдар, айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттык сактоо органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдө- рүнө) камсыздандыруу жагдайы жана жабыркаган адамдар тууралу билдирүү- гө;

5) камсыздандыруучунун өкүлүнүн камсыздандыруу жагдайынын себептерин өз алдынча териштирүүсүнө мүмкүнчүлүктү түзүүгө;

6) камсыздандыруучуга болгон маалыматтардын баарын берүү (керек болсо жазуу жүзүндө) жана камсыздандыруу жагдайынын себептерин, жүрүшүн жана кесепетин тактоого керектүү документтерди, ошондой эле келтирилген зыяндын мүнөзү жана көлөмү тууралуу документтерди берүүгө;

7) үч жумушчу күндүн ичинде ага камсыздандыруу жагдайынын натыйжасында келтирилген чыгым үчүн төлөм жүргүзүү талабы же доо арыздын түшкөндүгү жөнүндө билдирилгенден кийин, камсыздандыруучуга кандай жол менен болсо да билдирүү жасоого;

8) камсыздандыруучуга келтирилген зыянга жооптуу жактан кайтарып төлөө укугунун өтүшүн камсыз кылууга;

9) Кооптуу өндүрүш объекттеринин өзгөчөлүгүнө байланыштуу өндүрүштүк коопсуздук тармагындагы колдонуудагы мыйзамдардын жана башка ченемдик-техникалык документтердин жобосун сактоого;

3. Камсыздандыруу келишимде камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келбеген укуктары жана милдеттери көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Камсыздандырылуучунун өздүк милдеттерин туура эмес аткаргандыгы же аткарбай койгондугу тууралуу факт камсыздандыруучу тарабынан документалдуу түрдө далилдениши керек.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-11)
