# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202416)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 15-августундагы № 202 "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416#diff=1179496..1179497>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3843/edition/1179496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202416/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 1-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-1

---

Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу уюм (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак; камсыздандыруучу - коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (камсыздандыруучу уюм); камсыздандыруу сыйлыгы - келишимде шартталган акы, аны камсыздоо келишими менен бекемделген тартипте жана мөөнөттө, камсыздандыруучуга камсыздандырылуучу төлөп берүүгө милдеттүү; камсыздандыруу тарифи - камсыздоо келишими боюнча төлөп берүүгө жаткан, камсыздоо сыйлыгынын көлөмүн аныктоодо колдонулуучу жана камсыздоочу тарабынан иштелип чыккан тарифтер; камсыздандыруу суммасы - сумма, анын ичинде камсыздандыруучу мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу ордун толтурууну төлөп берүүгө же жекече камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүгө милдеттенет; камсыздандыруу ордун толтуруусу - камсыздандыруу жагдайы пайда болгон мезгилде зыянды жабууда камсыздандыруу келишими боюнча камсыздоочу төлөп берүүчү сумма; камсыздандыруу жагдайы - камсыздандыруучуга камсыздандырылгын адамга же пайда алуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүгө камсыздандыруучунун милдетинин мыйзамда же камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн жагдайдын болушу; камсыздандыруу тобокелдиги - камсыздандырууну жүргүзүүгө карата жагдайдын болгондугуна байланыштуу болжолдонгон окуя; камсыздандыруу взносу - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздалуучунун камсыздоочуга мезгил-мезгили менен төлөп туруучу камсыздандыруу сыйлыгы; камсыздандыруу резерви - камсыздандыруунун түрлөрү боюнча алынган камсыздандыруу взносунан камсыздоочу тарабынан алардын камсыздандыруу милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн атайын акчалай фонддор; пайда алуучу - камсыздандыруу келишими анын пайдасы үчүн түзүлгөн жак; кайрадан камсыздандыруу - аны менен түзүлгөн кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча башка камсыздандыруучу камсыздандыруу ордун толтуруусун төлөө тобокелдигинин бөлүгүн же толугу менен камсыздандыруу. Мында кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча камсыздандыруучу келишимде кайра камсыздандырган жак камсыздандыруучу болуп эсептелет; эки жолу камсыздандыруу - бир эле мүлктү, эки же андан ашык камсыздандыруучулардын камсыздандыруусу; кошумча камсыздандыруу - бир объектини бир нече камсыздандыруучу бирдикте бир эле келишим боюнча камсыздандыруусу; жоопкерчилик лимити - бир камсыздандыруу жагдайы боюнча камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырууну калыбына келтирүүсүн төлөөнүн максималдуу өлчөмү; авария - кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу курулмалардын, коммуникациялардын, жабдуулардын транспорттук жана башка техникалык каражаттардын талкаланышы, зыянга учурашы, контролго алынбоочу жарылуу, өрт же Кооптуу заттардын атылып чыгышы; кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюм - менчик укугунда, чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда же ар кандай башка мыйзамдуу негизде кооптуу өндүрүш объекттерине ээлик кылуучу жеке жана (же) юридикалык жак; Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында бекитилген кооптуу өн- дүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилиги - кооптуу өндүрүш объекттеринде болгон авариянын натыйжасында үчүнчү жактын мүлкүнө жана (же) өмүрүнө, ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруучу жеке жана (же) юридикалык жактардын милдеттери; үчүнчү жак - кооптуу өндүрүш объекттеринде болгон авариянын натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген жак. Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу кызматкерлер жана ээлик кылуучулар үчүнчү жак болуп эсептелишпейт. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202416/st-2)
