# 7-берене. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202415)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августундагы № 201" Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191 "О запрете игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3842/edition/467183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202415/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 7-берене (01.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-7

---

1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши мамлекет тарабынан жөнгө

салынат.

2. Мамлекеттик жөнгө салуу оюн-зоок иши жаатында мамлекеттик сая-

сатты жүргүзүүнү, тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук ак- тыларды иштеп чыгууну, лицензиялоону, оюн-зоок жайларына контроль жана көзөмөл кылууну, оюндарга катышуучулардын, оюн-зоок ишинин жана мамле- кеттин субъекттеринин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону өзүнө камтыйт.

3. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу ыйгарым укуктуу мамлекет-

тик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй иш милдеттерди жү-

зөгө ашырат:

- оюн-зоок иши жаатындагы мыйзамдар менен токтомдордун долбоорло-

рун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кирги- зет;

- документтердин экспертизасын жана белгиленген тартипте оюн-зоок

жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүү- нү ишке ашырат;

- оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын

колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына талаптагыдай конт- ролду уюштурат;

- Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин өнүктүрүү маселелери боюнча

тышкы байланыштарды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын таламын та- лашат;

- ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте берилген лицензи-

ялардын колдонушун токтотот, жањыртат, чакырып алат жана жокко чыгарат;

- оюн-зоок бизнесинин бирликтери жана ассоциациялары менен бирдик-

те бардык оюн-зоок субъекттери үчүн оюндун бирдей эрежелерин белгилейт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-8)
