# 17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу коюлуучу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202415)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августундагы № 201" Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191 "О запрете игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3842/edition/467183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202415/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 17-берене (01.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-17

---

талаптар

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып үч айдын ичинде:

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиянын негизинде

ишти жүзөгө ашыруучу оюн-зоок ишинин (казино, тотализаторлор, букмекер- дик кењселер) субъекттери өз ишин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүгө тийиш;

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин оюн-зоок жайларын, автоматтар

залын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензия- лар аларда көрсөтүлгөн колдонулуу мөөнөтүнө карабастан чакырып алынууга жана жокко чыгарылууга жатат. Мындан ары оюн-зоок жайларын, оюн автоматтар залын ачууга жана кү- түүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензияларды берүү ушул Мыйзамдын че- немдеринин талаптарына ылайык белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;

- оюн автоматтар жайлары жабылууга, оюн-зоок жайларын ачууга жана

күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензиялар аларда көрсөтүлгөн кол- донулуу мөөнөтүнө карабастан чакыртып алынууга жана жокко чыгарылууга жатат.

2. Мурда берилген лицензиялар боюнча 13-берененин 2-бөлүгү ушул

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин

оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга, кази- ного, тотализаторлорга, букмекердик кењселерге берилген, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген лицензиялар алардын көрсөтүлгөн мөөнөтүнө карабастан чакыртып алынууга жана жокко чыгарылууга жатат.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иштери жөнүндө" 2004-жылдын 26-июлундагы № 95 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иштери жөнүндө" Кыргыз Республи- касынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 28-декаб- рындагы № 219 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-16)
