# 15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202415)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августундагы № 201" Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191 "О запрете игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2010 года № 4 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202899)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202415#diff=467183..467184>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3842/edition/467183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202415/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 15-берене (01.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-15

---

белгиленген чектөөлөр

1. Оюн-зоок жайларынын штатына 18 жаштан жаш эмес (толук жөндөм-

дүүлүгү бар) кызматкерлер алынышы зарыл.

2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары

болушу мүмкүн:

- оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар;

- казино үчүн - 21 жаштагылар.

3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- катуу мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;

- оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тар-

тууга;

- оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.

4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде жалпы жүрүм-турум ченемде-

рине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген

эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кар- дардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу. Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткилик- түү жерде жайгаштырылышы керек. (КР 2010-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-16)
