# 14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202415)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августундагы № 201" Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191 "О запрете игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3842/edition/467183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202415/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 14-берене (01.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын борборундагы казинодогу оюн-зоок үстөл-

дөрүнүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык-аймак- тык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн оюн-зоок үстөлдөрүнүн саны бештен кем болбошу керек.

2. Казинодо орнотулган оюн-зоок жабдуулары лицензиаттын менчигинде

болууга тийиш.

3. Оюн автоматтар залында милдеттүү түрдө отуздан кем эмес оюн ав-

томаты орнотулушу керек.

4. Оюн автоматтар залында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын

менчигинде же ижарасында турса болот.

5. Оюн-зоок жайында оюн-зоок жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн

учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралу жазуу жүзүндө тиешелүү салык органын жана лицензиарды кабардар кылууга, ошондой эле акыркысына лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.

6. Оюн-зоок жабдууларынын санынын өзгөрүлгөндүгү тууралу кабардын

өз убагында берилбегени лицензияны чакыртып алууга негиз болот.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-15)
