# 11-берене. Лицензияны чакыртып алуунун жана анын колдонулушун

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202415)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августундагы № 201" Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191 "О запрете игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3842/edition/467183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202415/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 11-берене (01.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-11

---

токтотуунун тартиби

1. Лицензия лицензиар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда чакыртып

алынышы мүмкүн:

- лицензиянын колдонулушу лицензиар тарабынан токтолушуна себеп

болгон бузуулар, анын ичинде тийиштүү салыктарды төлөбөгөндүгүнө же өз учурунда төлөбөгөндүгүнө байланышкан бузуулар, белгиленген мөөнөттө четтетилбесе;

- ушул Мыйзамда жана "Терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана

кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдаштыруу) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптар лицен- зиат тарабынан аткарылбаса;

- лицензиаттын кайсы ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар болсо,

сот тарабынан иштин ошол түрү менен алектенүүгө тыюу салынса.

2. Лицензиянын колдонулушун токтотууга төмөнкүлөр негиз болот:

- лицензиаттын ишинин токтотулушу;

- лицензиянын колдонулуу мөөнөтүнүн бүтүшү;

- лицензиянын чакыртып алынышы.

3. Лицензияны чакыртып алуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу

оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салуу дегенди билдирет.

4. Лицензиянын колдонулушу токтотулсун деп кабыл алынган чечим жө-

нүндө лицензиар үч күндүк мөөнөттө лицензиатка жазуу жүзүндө кабар бе- рет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-12)
