# 10-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202415)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августундагы № 201" Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2011 года № 191 "О запрете игорной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3842/edition/467183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202415/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө, 10-берене (01.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-10

---

1. Лицензиат тарабынан ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жана

башка мыйзамдык актыларында белгиленген талаптардын сакталышын контрол- доо лицензиаттын ишине текшерүү жүргүзүү, ага байланыштуу түшкөн арыз- дар менен даттанууларды кароо жолу менен лицензиар тарабынан ишке ашы- рылат.

2. Текшерүүлөрдү ишке ашыруунун үздүксүздүгү жана мөөнөттөрү Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиар тарабынан белгиленет.

3. Аныкталган укук бузуулардын мүнөзүнө жараша лицензиар укук бу-

зууларды четтетүү же лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө бу- йуртма чыгарууга укугу бар.

4. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу лицензиат тарабынан жол

берилген укук бузуулар чететтилгенге чейин оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу- га тыюу салынат дегенди билдирет жана ал лицензиат тарабынан лицензияда камтылган талаптар аткарылбаган учурда жүргүзүлөт.

5. Лицензиар лицензиянын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө

токтото турууга укуктуу. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө кабыл алынган чечимди лицензиар лицензиянын колдонулушу убактылуу ток- тотулган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө лицензиатты кабардар кы- лат.

6. Лицензиянын колдонулушу убактылуу токтотулган учурда аны кайра

колдонуу лицензиянын колдонулушун токтото турууга алып келген себептер четтетилгендиги жөнүндө документтүү бышыктама лицензиарга тапшырылган- дан кийин ишке ашырылат. Мында лицензиянын колдонулушу канча мөөнөткө токтотулса, анын себептери ошол мөөнөттүн ичинде четтетилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202415/st-11)
