# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202414)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августагы № 200 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 января 2015 года № 17 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/205432)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2010 года № 38 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О ставках платы за пользование природными объектами животного и растительного мира в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202713)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202414#diff=610116..610117>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3841/edition/610116/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202414/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө, 3-берене (16.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-3

---

1. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары 2-тиркемеге ылайык белгиленет.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо үчүн акы төлөө ставкалары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралгандан башка учурларда, белгиленген базалык ставкалардан 4 эсеге көбөйөт.

3. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн акы төлөө ставкалары эгер мындай өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык запастарды изилдөө жана өнөр жайлык экспертизалоо, ошондой эле илимий максаттарда жүргүзүлгөн болсо, 0 сом өлчөмүндө белгиленет (чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардан тышкары).

(КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-4)
