# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202414)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 11-августагы № 200 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 января 2015 года № 17 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/205432)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3841/edition/610116/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202414/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө, 2-берене (16.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-2

---

1. Жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин (анын ичинде балыктар жана башка суудагы биологиялык ресурстар) пайдалануу үчүн акы төлөө ставкалары, эгерде ушул берененин 2 жана 3-пункттарында башкача аныкталбаса, 1-тиркемеге ылайык белгиленет:

2. "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясында каралган жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин башка максаттарда пайдалануу үчүн эсептөөлөрдө ушул Мыйзамдын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жаныбарлар дүйнөсүнүн тиешелүү объекттери боюнча белгиленген акы төлөөнүн базалык ставкалары колдонулат.

3. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн акы төлөө ставкалары эгерде жаныбарлар дүйнөсүнүн мындай объекттеринин төмөнкүдөй максаттарда пайдаланган учурларда 0 сом өлчөмүндө белгиленет (чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардан башка):

- калктын ден соолугун коргоо, адамдын жашоосу үчүн коркунучтарды четтетүү, айыл чарба жана үй жаныбарларынын ылањдарынан сактануу, зыяндуу жаныбарлардын санын жөнгө салуу, ошондой эле аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын уруксатына жараша ишке ашырылуучу максатында;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кайта өндүрүү жана өстүрүү, илимий изилдөөлөр, запастарды изилдөө жана өнөр жайлык экспертизалар.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202414/st-3)
