# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202413)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 5-августундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202413/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3840/edition/1065008/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202413/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө, 1-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202413/st-1

---

"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 232-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү өзгөчө корулууга тийиш. Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү болуп Ысык-Көлдүн жана Аму дарыясынын форель, сиг-лудога, пеляды, Ысык-көлдүн көкчаар осман, чабак, чабакча, маринка жана сазандары эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары же Өкмөтүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилиши мүмкүн.".

2. 18-статьядагы "мамлекеттик максаттуу жана балык чарбасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик эмес фонддору түзүлөт" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда фонд түзүлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19-статья. Балык чарбаны өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу Балык чарбаны өнүктүрүү фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден максаттуу балык чарба программаларын ишке ашыруу үчүн бөлүнүүчү которуулардан;

- менчигинин формасына жана чарба жүргүзүүсүнүн ыкмасына карабастан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк юридикалык жактардан, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстардан пайдалангандык үчүн түшүүлөрдөн;

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын балык чарбаны өнүктүрүүгө ыктыярдуу кошумчаларынан;

- балык запастарын көбөйтүү боюнча жумуштарды каржылоо үчүн максаттык каражаттардан;

- балык өстүрүүгө, балык уулоого жана балык запастарын корууга инвестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардан;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн (анын ичинде чет өлкөлүк валютада);

- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүдөй иш-чараларды каржылоого жумшалат;

- балык тармагын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик балык өстүрүүчү чарбаларды уюштурууга;

- балык өстүрүүчү ишканаларда жана алардын көлмө фондунда оңдоо-калыбына келтирүү жана реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүүгө;

- балык чарбалык жана башка көлмөлөрдө илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

- балык чарбалык көлмөлөрдө жана көлмөлүк балык чарбаларда балык өстүрүү- мелиорация жумуштарын жана балыктардын ылаңдарынын алдын алуу, балык өстүрүүчү чарбаларды митефаунадан жана балыктардын инвазийлеринен тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;

- балык питомниктерин жана инкубациялык цехтерди түзүүгө;

- республиканын балык чарбалык көлмөлөрүн балыктандыруу үчүн балыктын кое берилүүчү сапаттуу материалын алууга;

- көлмөлүк балык чарбаларда селекциялык-асыл тукумдук ишти жүргүзүүгө;

- балык чарбасын өстүрүүгө багытталган республикалык жана регионалдык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;

- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо үчүн маданий балык чарбаларды уюштурууга жана өнүктүрүүгө;

- балыкты коруу мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууга, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстарды пайдалануунун экономикалык механизмин өркүндөтүүгө;

- садоктук жана көлдүк-товардык балык чарбаларды өнүктүрүүгө жана аларды заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдууга;

- балык чарбалары үчүн балык өстүрүүчү жабдууларды, мүлктөрдү, инвентарларды жана балык комбикормдарын сатып алууга;

- балык запастарын корууга жана көбөйтүүгө, балыктардын баалуу түрлөрүн жана суудагы жемдик организмдерди климатташтырууга жана республиканын көлмөлөрүнө кое берүүгө;

- балык чарбасы үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого;

- балык чарбаны өнүктүрүү жана балык чарбалык көлмөлөрдөгү браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга активдүү катышкан адамдарды сыйлоого;

- балык чарбаны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого;

Фондду түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202413/st-2)
