# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы №198 "Достук" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешине кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы №198 "Достук" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешине кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3839/edition/329601/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы №198 "Достук" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешине кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"мыйзамы (05.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202412

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 5-августу № 198

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Достук" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына

айылдын статусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык

кењешине кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

2008-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202412/st-1)

"Достук" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын ста-

тусун берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдун

районунун Пригородный айылдык кенешине кошуу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-ж., 30-ноябрь, № 97.) төмөн-

күдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын аталышындагы "Достук" жана "кенешине" деген сөздөр

ылайыгына жараша "Дружба" жана "округуна" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья.

"Дружба" багбанчылык коомдук бирикмесинин участкасына айылдын ста-

тусу берилсин жана жањы уюшулган айыл "Достук" айылы деп аталсын.".

3. 2-статьяда "кењешинин" деген сөз "округунун" деген сөз менен

алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202412/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
