Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 5-августу № 197
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү тууралуу
2008-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1998-ж., № 3, 67 ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизил-
син:
1. 16-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толук-
талсын:
"бардык адамдар чыгармага ар кандай жерден жана ар кайсы учурда өз
каалоосу менен ээ боло ала турган негизде чыгарманы жалпыга маалымдоо
үчүн жеткирүү керек (жалпыга жеткирүү үчүн).".
2. 37-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен то-
лукталсын:
"6) бардык адамдар аткарылганды ар кандай жерлерден жана ар кайсы
учурда өз каалоосу менен ээ боло ала турган негизде аткарылганды жалпы-
га маалымдоо үчүн жеткирүү керек.".
3. 38-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен то-
лукталсын:
"5) бардык адамдар фонограммага ар кандай жерден жана ар кайсы
учурда өз каалоосу менен ээ боло ала турган негизде фонограмманы жалпы-
га маалымдоо үчүн жеткирүү керек.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
Шилтеме берет (1)
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6