Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына К.Б.Орозованы каттоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-майы № 71 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына
К.Б.Орозованы каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Т.Д.Сарпашевден жана Б.К.Кунайевден (мурда тизмеге Чолджанов Бахбибек Кунайевич деген фамилия менен киргизилип, кийин Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы ЗАГСтын бөлүмү тарабынан 2010-жылдын 12-августунда фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө КР-ХV сериясындагы № 0104548 берилген күбөлүгүнө ылайык фамилиясын Б.К.Кунайев деп алмаштырган), аларды "Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы" саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арыздарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Эрматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, "Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесиндеги 2-бөлүктүн 3, 6-пункттарына, 13-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 25-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесиндеги 3-бөлүккө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевичтин жана Кунайев Бактыбек Кунайевичтин аларды "Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы" саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатынан баш тартуу жөнүндө арыздары канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына "Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Орозова Карамат Бабашевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп табылсын.
3. Орозова Карамат Бабашевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Орозова Карамат Бабашевнага бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135