# 9-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 9-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-9

---

1. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) камсыздандыруу окуяларын иликтөөгө катышууга;

2) медициналык-социалдык эксперттик комиссия кызматкерди медициналык кароону жүргүзгөндө катышып турууга;

3) камсыздандыруу окуялары боюнча маалыматты текшерүүгө жана зарыл болгон учурларда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга суроо жиберүүгө;

4) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн камсыздандырылуучунун объектисин иликтөөнү жүргүзүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу келишиминде каралган учурларда камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга;

6) камсыздандыруу окуяларын болтурбоо боюнча сунуштамаларды берүүгө;

7) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн көз карандысыз эксперт тартууга;

8) зыян келтирген жакка кайра талап коюуга.

2. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө ага камсыздоо полисин берүүгө;

2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыгуучу анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;

3) камсыздандыруу окуясы болгондо ушул Мыйзамга жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө;

4) өзүнүн иш-аракетинин натыйжасында камсыздандыруучу жана пайда табуучу тууралуу алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;

5) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучу тарабынан зыянды азайтуу үчүн жумшалган чыгымдарды төлөп берүүгө;

6) камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда пайда табуучуга баш тартуунун себептеринин жүйөөлөнгөн негиздемесин жазуу жүзүндө жиберүүгө;

7) камсыздандырылуучу жоюлган учурда капиталдаштырылган төлөмдөрдү (камсыздандыруу сый акыларын) чогултуп турууга.

3. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-10)
