# 24-берене. Эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо үчүн кызматкерди текшерүүнүн тартиби

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 24-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-24

---

1. Кызматкердин (кызматкерлердин) эмгекке жарамдуулугунун бир күндөн ашык жоготулушуна алып келген ар бир кырсыктуу окуя медициналык корутундуга ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кырсыктуу окуя жөнүндө акт менен жол-жоболоштурулат.

2. Эмгекке жарамдуулугун жоготкондук даражасын аныктоо үчүн кызматкерди зарыл текшерүүдөн өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандырылуучунун, камсыздандыруучунун же кызматкердин кайрылуусу же болбосо соттун чечими боюнча тийиштүү медициналык-социалдык эксперттик комиссия жүргүзөт.

Кырсыктуу окуянын же кесиптик оорунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын аныктоо үчүн кызматкерди текшерүүдөн өткөрүүнүн тартиби, ошондой эле кошумча жардамга жана багып-кароого муктаждыгын аныктоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кесиптик оорулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-25)
