# 23-берене. Аннуитет келишимин түзүү

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 23-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-23

---

1. Кызматкердин эмгекке жарамдуулугун жоготкондугу же болбосо өлүмгө учурагандыгы аныкталган учурда жумуш берүүчү кызматкердин өлүмүнө байланыштуу зыянды төлөтүп алууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укугу бар адамдын пайдасына аннуитет келишимин түзүүгө укуктуу.

2. Аннуитет келишими камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, жумуш берүүчүнүн келтирилген зыянды төлөп берүү боюнча жоопкерчилиги келип чыккан күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.

3. Аннуитет келишими жабыр тарткан кызматкердин же болбосо кызматкердин өлүмүнө байланышкан зыянды төлөтүп алууга укугу бар адамдардын алар тийиштүү жаш курагына жеткенге чейин же камсыздандыруу келишими түзүлгөн мезгил ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн өлчөмдө жана мөөнөттө утурумдук төлөмдөрдү (аннуитеттерди) төлөп турууда киреше алышын камсыздоочу шарттарда түзүлүшү керек.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-24)
