# 21-берене. Зыян келтирген жакка карата кайра талап коюу укугу

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 21-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-21

---

1. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучу төлөнүп берилген сумманын чегинде камсыздандырылуучуга кайра талап коюуга төмөндөгү учурларда укуктуу:

1) эгерде камсыздандыруучунун жоопкерчилиги, зарыл коргонуу жана өтө зарылдык ал-абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, анын камсыздандыруу окуясынын болушун көздөгөн, атайы жасаган же болбосо мындай окуянын болушуна көмөк берген аракеттеринен улам келип чыкса;

2) камсыздандырылуучу камсыздандыруу окуясынын зыянын азайтуу жагында атайылап чара көрбөгөндө.

2. Камсыздандырылуучунун камсыздандыруунун натыйжасында төлөнүп берилген зыян үчүн жоопкерчиликтүү жакка карата кайра талап коюу укугу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучуга ал төлөгөн сумманын чегинде өтөт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-22)
