# 18-берене. Камсыздандыруу окуясын жана келген зыяндын өлчөмүн аныктоо

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 18-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-18

---

1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу окуясы деп кызматкердин эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда анын өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыянды төлөп берүү боюнча жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигинин башталуу фактысы эсептелет.

2. Кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыян өзүндө кызматкердин өлүмүнө же эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугуна байланышкан зыяндын материалдык жактан тастыкталышын камтыйт.

Кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыяндын өлчөмү ушул Мыйзамга ылайык берилген документтердин негизинде аныкталат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-19)
