# 17-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүн жана аны төлөөнүн тартибин аныктоо

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 17-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-17

---

1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысы ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген, жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминдеги камсыздандыруу суммасына көбөйтүлгөн камсыздандыруу тарифинин негизинде, тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

2. Камсыздандыруу тарифтеринин чектери экономикалык иш-аракеттин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен, кесиптик тобокелчиликтин классына жана персоналдын категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Экономикалык иш-аракеттин түрлөрүн кесиптик тобокелчиликтин классына киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Камсыздандыруу сый акысын төлөө камсыздандырылуучу тарабынан бир жолу же болбосо жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө бөлүп-бөлүп жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-18)
