17-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүн жана аны төлөөнүн тартибин аныктоо
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысы ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген, жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминдеги камсыздандыруу суммасына көбөйтүлгөн камсыздандыруу тарифинин негизинде, тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
2. Камсыздандыруу тарифтеринин чектери экономикалык иш-аракеттин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен, кесиптик тобокелчиликтин классына жана персоналдын категориясына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Экономикалык иш-аракеттин түрлөрүн кесиптик тобокелчиликтин классына киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Камсыздандыруу сый акысын төлөө камсыздандырылуучу тарабынан бир жолу же болбосо жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө бөлүп-бөлүп жүргүзүлөт.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202408/st-17" title="17-берене - Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>