# 12-берене. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 12-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-12

---

1. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый акысын төлөгөн учурдан баштап, ал эми аны бөлүп-бөлүп төлөгөндө, эгерде жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, биринчи камсыздандыруу акысы төлөнгөн учурдан баштап күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.

2. Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими, ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн учурду кошпогондо, ал күчүнө кирген күндөн баштап он эки айлык мөөнөткө түзүлөт.

Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонууда болот жана биринчи камсыздандыруу окуясы болгондо өзүнүн колдонулушун токтотпойт.

3. Жумуш берүүчү өз иш-аракетин он эки айдан аз мөөнөткө жүзөгө ашырганда келишим ошол иш-аракет жүргүзүлүүчү мөөнөткө түзүлөт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-13)
