# 10-берене. Пайда табуучунун укуктары

- Документ: [Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202408)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 194 "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3837/edition/706144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202408/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 10-берене (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-10

---

Пайда табуучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) ушул Мыйзамда жана жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана шарттарда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;

2) жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары тууралу камсыздандырылуучудан жана камсыздандыруучудан маалыматтарды акысыз алууга;

3) камсыздандыруу окуясын иликтөө маселелери боюнча чечимдерди ыйгарым укуктуу органга же сотко даттанууга;

4) медициналык-социалдык экспертиза маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга;

5) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу камсыздандыруучуга билдирүүгө;

6) камсыздандыруу окуясын иликтөөгө катышууга, анын ичинде кызматкерлердин өкүлү же өзүнүн ишенимдүү адамы аркылуу катышууга.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202408/st-11)
