# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3836/edition/858334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 193 "Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202407

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары

2008-жылдын 5-августу № 193

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202407/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-ст.) тө-

мөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 31-статьяда:

## 5-бөлүмдө "беш" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;

7-8-бөлүмдөр алып салынсын.

2. 72-статьянын 1-бөлүмдөгү "71,72" цифралар "70,71" цифралары ме-

нен алмаштырылсын.

3. 132-статьянын 4-бөлүмдөгү "чечими" деген сөздөн кийин "кассаци-

ялык жана" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 288-статьянын 2-бөлүмдө "жана соттук заседателдер" деген сөздөр

алып салынсын.

5. 291-статьянын 4-бөлүмдө "жана соттук заседателдер" деген сөздөр

алып салынсын.

6. 311-статьянын 4 жана 6-бөлүмдөрү алып салынсын.

7. 317-статьянын 3-бөлүмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"(3) Өкүмгө судья кол коет.".

8. 318-статьянын 3-пункттагы "соттук заседателдердин," деген сөз-

дөр алып салынсын.

9. 347-статьяда:

статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"347-статья. Апелляциялык инстанция сотунун чечими";

## 1-бөлүмдөгү "өкүм" деген сөздөр "чечим" деген сөздөр менен алмаш-

тырылсын;

## 2-бөлүмдө "өкүм" деген сөз "чечим" деген сөз менен алмаштырылсын;

"үчүнчү бөлүгүнүн" деген сөздөр алып салынсын;

## 3-бөлүмдө "өкүмүндө" деген сөздөр "чечиминде" деген сөздөр менен

алмаштырылсын;

4-5 бөлүмдөр төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"(4) Коллегиялык түзүмдө сот кылмыш-жазык ишин караганда пайда

болгон маселелер судьялардын көпчүлүк добушу менен чечилет. Судьялар

добуш берүүдөн баш тартууга укуксуз. Төрагачылык кылуучу акыркы болуп

добуш берет.

"(5) Көпчүлүк судьялардын чечими менен макул болбогон апелляциялык

инстанциянын судьясы соттун чечимине эч бир шылтоосуз кол коюууга мил-

деттүү жана өзгөчө пикирин кењешме бөлмөсүндө кат жүзүндө жазып берүүгө

укуктуу, ал төрагачылык кылуучуга тапшырылат жана кылмыш ишине "өзгөчө

пикир" деген белги менен чапталган конвертте тиркелет. Өзгөчө пикир ме-

нен көзөмөлдөө инстанциясынын соту аталган кылмыш ишин кароодо тааны-

шууга укуктуу. Өзгөчө пикир бар экендиги жөнүндө процесстин катышуучу-

ларына кабарланбайт, өзгөчө пикир сот жыйынынын залында жарыяланбайт.";

## 6-бөлүм төмөндөгү мазмун менен толукталсын:

"(6) Чечим ушул Кодекстин 324 статьясынын эрежелерине ылайык жары-

яланат жана ошол замат күчүнө кирет. Судья чечимди кабыл алуудагы ой

жүгүртүүлөрдү жарыя кылууга укуксуз.".

10. 373-6-статьянын 5-бөлүм төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

(5) Көпчүлүк судьялардын чечими менен макул болбогон апелляциялык

инстанциянын судьясы соттун чечимине эч бир шылтоосуз кол коюууга мил-

деттүү жана өзгөчө пикирин кењешме бөлмөсүндө кат жүзүндө жазып берүүгө

укуктуу, ал төрагачылык кылуучуга тапшырылат жана кылмыш ишине "өзгөчө

пикир" деген белги менен чапталган конвертте тиркелет. Өзгөчө пикир ме-

нен көзөмөлдөө инстанциясынын соту аталган кылмыш ишин кароодо тааны-

шууга укуктуу. Өзгөчө пикир бар экендиги жөнүндө процесстин катышуучу-

ларына кабарланбайт, өзгөчө пикир сот жыйынынын залында жарыяланбайт.".

11. 380-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Көпчүлүк судьялардын чечими менен макул болбогон көзөмөлдөө инс-

танциясынын судьясы соттун чечимине эч бир шылтоосуз кол коюууга мил-

деттүү жана өзгөчө пикирин кењешме бөлмөсүндө кат жүзүндө жазып берүүгө

укуктуу, ал төрагачылык кылуучуга тапшырылат жана кылмыш ишине "өзгөчө

пикир" деген белги менен чапталган конвертте менен тиркелет. Өзгөчө пи-

кир бар экендиги жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарланбайт, өзгө-

чө пикир сот жыйынынын залында жарыяланбайт.".

12. 382-статьянын 2-бөлүмдө "Президиумунун жана" деген сөздөр алып

салынсын.

13. 383-статьянын 1-бөлүмдөгү 7-пункт төмөндөгүдөй редакцияда ба-

яндалсын:

"7) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарат жана ишти

биринчи же апелляциялык инстанциянын сотуна жањыдан кароого жөнөтөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202407/st-2)

Ушул мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

"Эркинтоо" газетасында 2008-жылдын 12-августунда N 59-60 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
