# 6-статья

- Документ: [Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202406)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 192 "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 мая 2012 года № 64 "О мирных собраниях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202406/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3835/edition/713351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202406/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 6-статья (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202406/st-6

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогулуштарды, митингдерди, демонстрацияларды жана башка коомдук иш чараларды өткөрүү жөнүндө маалыматты аларды өткөрүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуу жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чара көрүү максатында караштырат. Маалымдамада:

- катышуучунун (катышуучулардын) же ыйгарым укук берилген адамдар-

дын аты-жөнү, уюмдун аталышы (юридикалык жактар үчүн);

- иш чараны өткөрүү максаты, формасы, жери, кыймылдын маршруттары,

катышуучулардын болжолдуу саны, иш чараны өткөрүү датасы, башталган жа- на аяктаган убактысы;

- коомдук иш чараны өткөрүүнү техникалык жана башка жактан камсыз

кылуу, анын ичинде аны өткөрүү аяктагандан кийин ал өткөрүлгөн жерди тартипке келтирүү;

- катышуучунун (катышуучулардын) же ыйгарым укук берилген адамдар-

дын койгон колдору, маалымдама жана дата көрсөтүлөт. Маалымдаманы кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. Жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маалымдаманы кабыл алган күнү анын кабыл алынгандыгы жана катталгандыгы жөнүндө документтер (катталган маалымдаманын көчүр- мөсүн) берүүгө милдеттүү. Коомдук иш чараны өткөрүүнү уюштуруучулар тарабынан аны өткөрүүнү жокко чыгаруу жөнүндө же болбосо кийин өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укук берилген жактар ал жөнүндө жергиликтүү мам- лекеттик администрацияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына коомдук иш чара өткөргөнгө чейин кеминде 24 саат мурда кат жүзүндө маа- лымдоого тийиш.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202406/st-4)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202406/st-7)
