# 1-берене

- Документ: [Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202406)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 192 "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 мая 2012 года № 64 "О мирных собраниях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202406/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3835/edition/713351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202406/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 1-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202406/st-1

---

"Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстраци- яларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-жыл, N 9, 408-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен то- лукталсын: "Коомдук иш чара - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, саясий партиялардын, кесиптик бирликтердин, коомдук жана диний уюмдардын де- милгеси боюнча жүзөгө ашырылуучу митинг, демонстрация, манифестация, көчө жүрүшү, пикет, ачкачылык жарыялоо формасында же болбосо мындай формалардын ар кандай айкалышында өткөрүлүүчү ачык, тынч, куралсыз, ар бир адам катыша алуучу акция;

- коомдук иш чараны өткөрүү жөнүндө маалымдама-аткаруу бийлик ор-

ганына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ушул Мыйзамда белги- ленген тартипте коомдук иш чараны өткөрүү жөнүндө маалымат иретинде бе- рилүүчү документ."; 13-абзац "чогулуштун, митингдин жана демонстрациялардын" деген сөздөрдөн кийин ",ошондой эле башка коомдук иш-чаралардын" деген сөздөр менен толукталсын; 14-абзац "чогулуштарды, митингдерди жана демонстрацияларды" деген сөздөрдөн кийин ",ошондой эле башка коомдук иш-чараларды" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 3 жана 4-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья.

Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү мамлекеттик админист- рацияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдама бер- бей туруп:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен атай-

ын бөлүнгөн аймактарда;

2) менчигинин түрүнө карабастан менчик ээсинин же менчик ээси ый-

гарым укук берген адамдын уруксаты менен:

- жабык жайларда;

- юридикалык жана жеке жактардын жер участокторунун аймагында ко-

омдук иш-чараларды өткөрүүгө укуктуу.

---

Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202406/st-4)
