1-берене
Күчүн жоготкон · 23.05.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 мая 2012 года № 64.
"Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстраци- яларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-жыл, N 9, 408-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен то- лукталсын: "Коомдук иш чара - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, саясий партиялардын, кесиптик бирликтердин, коомдук жана диний уюмдардын де- милгеси боюнча жүзөгө ашырылуучу митинг, демонстрация, манифестация, көчө жүрүшү, пикет, ачкачылык жарыялоо формасында же болбосо мындай формалардын ар кандай айкалышында өткөрүлүүчү ачык, тынч, куралсыз, ар бир адам катыша алуучу акция;
- коомдук иш чараны өткөрүү жөнүндө маалымдама-аткаруу бийлик ор-
ганына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ушул Мыйзамда белги- ленген тартипте коомдук иш чараны өткөрүү жөнүндө маалымат иретинде бе- рилүүчү документ."; 13-абзац "чогулуштун, митингдин жана демонстрациялардын" деген сөздөрдөн кийин ",ошондой эле башка коомдук иш-чаралардын" деген сөздөр менен толукталсын; 14-абзац "чогулуштарды, митингдерди жана демонстрацияларды" деген сөздөрдөн кийин ",ошондой эле башка коомдук иш-чараларды" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 3 жана 4-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья.
Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү мамлекеттик админист- рацияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдама бер- бей туруп:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен атай-
ын бөлүнгөн аймактарда;
2) менчигинин түрүнө карабастан менчик ээсинин же менчик ээси ый-
гарым укук берген адамдын уруксаты менен:
- жабык жайларда;
- юридикалык жана жеке жактардын жер участокторунун аймагында ко-
омдук иш-чараларды өткөрүүгө укуктуу.
Берененин тексти 23.05.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- О праве граждан собираться мирно, без оружия, свободно проводить митинги и демонстрацииЗакон · 23.07.2002 · № 120 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202406/st-1" title="1-берене - Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>