2-берене
Күчүн жоготкон · 24.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2017 года № 88.
Балыктын Ысык-Көлдү жана Соњ-Көлдү байырлаган өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн, алардан иштелип чыккан балык продуктуларын же алардын икраларын мыйзамсыз кармоодо, ташууда, сатып алууда, сатууда жана Кыргыз Республикасынан алып чыгууда ушул иш-аракеттерди жасоонун куралы же болбосо тикелей объектиси болуп саналган же болбосо балык продукциясын жана балык икрасын кармоодо, ташууда, өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө тикелей катышы бар буюмдар (мыйзамсыз балык кармоо куралдары, сууда сүзүүчү жана башка транспорт каражаттары, балыкты кайра иштетүү цехтери, мыйзамсыз кармалган же сатып алынган балык, андан иштелип чы- гарылган продукция жана икра) сот тартибинде конфискацияланууга жатат. Балыкты браконьердик жол менен кармоодо колдонулган конфискация- ланган сууда сүзүүчү жана башка транспорт каражаттары, ошондой эле укук бузуучулардан алынып коюлган балык жана андан иштелип чыккан продукция жана балык икрасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык сатылууга жатат. Балыкты браконьердик жол менен кармаганда алынып коюлган мыйзамсыз балык кармоо куралдары балык чарба субъектилерине сатылат же болбосо Кыргыз Республикасынын балык чарбасын башкарган атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган тартипте жок кылынат. Браконьердик иш-аракеттерден алынган кирешелер алынып коюлууга жа- на республикалык бюджетке чегерилүүгө жатат. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыкка күнөөлүү адамдар Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 24.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202405/st-2" title="2-берене - Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>