# 19-берене

- Документ: [Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202404)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы №190 "Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 марта 2026 года № 26 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043524)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202404/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3833/edition/329595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202404/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндө, 19-берене (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202404/st-19

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бардык дењгээлдеги жергиликтүү мам-

лекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөргө көмөктөшүүнү камсыз

кылат:

а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган эресеге жете элек-

терди алар жашаган жерлерине келгенден кийин өз учурунда эсепке алууга,

аларды ишке орноштурууга же ата-энелеринин, опека же камкорчулук орган-

дарынын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө;

зарыл болгон учурларда аларды балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттар-

га алар жашаган жерлерине келгенден кийин эки жумадан кеч эмес мөөнөттө

жайгаштырууга; эресеге жете электердин иштери боюнча комиссиялардын,

ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек коллективдеринин

жазадан бошотулган эресеге жете электерди кайра тарбиялоо боюнча иште-

рин координациялоону жүзөгө ашырууга;

б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учу-

рунда эсепке алууну, алар жашаган жерлерине келген күндөн тартып эки

жумадан кеч эмес мөөнөттө ишке орноштурууну жана тиричилигин жөнгө са-

лууну; өздөрүнүн багуусуна ала турган жакын туугандары жок жазадан бо-

шотулган майыптарды жана карыларды майыптардын же карылардын үйлөрүнө

жайгаштырууну уюштурууга.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Адилет министрлиги

жана Саламаттыкты сактоо министрлиги башка органдар менен биргелешип

жазадан бошотулган, зарыл болгон дарылоо курсун аяктаган кургак учуктун

оор түрү менен ооруган адамдарды белгиленген тартипте эсепке алууну жа-

на атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Адилет министрлиги

жана Тышкы иштер министрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган

жарандарын эсепке алсын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштур-

сун.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана

бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202404/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202404/st-20)
