# 9-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жана аны түзүүнүн тартиби

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403#diff=1179483..1179484>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 9-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-9

---

1. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу ушул Мыйзамга ылайык камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

2. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүүдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү каралат, ага жабырлануучунун моралдык чыгымы жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу, ошондой эле жабырлануучунун товарды берүү же жумуштарды жасоо (кызмат көрсөтүү) мөөнөтүн бузгандыгына контракт (келишим) боюнча анын башка милдеттенмелерин аткарбаганына байланыштуу айып төлөмдөрүнүн ордун толтуруу кирбейт.

3. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруунун ушул түрүн жүргүзүү укугуна лицензиясы бар камсыздандыруучу менен гана түзүлөт.

Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоо укугуна ээ. Камсыздандыруучу ушул Мыйзамда каралган зарыл документтерди берген, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн кайрылган кандай гана ташуучу болбосун мындай келишимди түзүүдөн баш тартууга укуксуз. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу камсыздандыруу сый акысын төлөп турууга милдеттенет, ал эми камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясы болгон мезгилде пайда табуучу жакка ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө милдеттенет. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык келишим болуп саналат.

4. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө, камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүү жолу менен түзүлөт.

Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн негизи болуп камсыздандырылуучунун арызы эсептелет. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө жаткан шарттардын толук эместиги үчүн камсыздандыруучу жоопкерчилик тартат. Анын айрым шарттарынын толук эместигинин натыйжасында ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча талаш келип чыккан учурда талаш камсыздандырылуучунун пайдасына чечилет.

5. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун (камсыздандырылгандын) же жабырлануучунун абалы ушул Мыйзамда белгиленгенге салыштырмалуу начарлаган шарттарда ташуунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзсө, анда камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун (камсыздандырылгандан) жана жабырлануучунун алдында ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда камсыздандыруучу жоопкерчилик тартат.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-8)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-91)
