# 8-берене. Маалыматтык өз ара аракеттешүү

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 8-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-8

---

1. МАИ бөлүмдөрү жүргүнчүлөрдү ташуучу автомобиль транспортундагы транспорттук кырсыктын катышуучуларына камсыздандыруу окуясынын болгондугу тууралуу фактыны далилдеген документтердин бирден нускасын, анын ичинде жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы тууралу протоколдун көчүрмөсүн кырсыктын схемасын тиркөө менен акысыз берет.

2. Темир жол, суу жана аба транспортун пайдаланууга карата транспорт жана коммуникация жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, МАИ бөлүмдөрү, прокуратура, сот органдары, саламаттык сактоо уюмдары, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто болгон кырсык жана анын кесепеттери тууралу маалыматы бар башка мамлекеттик органдар жана уюмдар камсыздандыруучунун кайрылуусу боюнча маалыматты акысыз берүүгө милдеттүү.

3. Темир жол, суу жана аба транспортун пайдаланууга карата транспорт жана коммуникация жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ички иштер органдарынын мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүмдөрү тийиштүү камсыздандыруучуну болгон транспорттук кырсык тууралу кабардар кылат.

Камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралу камсыздандыруучуга ар кандай башка адамдар да билдире алышат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-9)
