# 6-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 6-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-6

---

1. Камсыздандыруу уюмдарынын ишине мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандыруу ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.

2. Ушул Мыйзамды ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү бөлүгүндө аткарууга мамлекеттик контроль жүргүзүү төмөндөгүлөргө жүктөлөт:

1) автомобиль транспорттун пайдаланууга карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын (мындан ары - МАИ) бөлүмдөрүнө;

2) темир жол, суу жана аба транспортторун пайдаланууга карата транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-7)
