6-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик көзөмөл жана контроль
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 2-глава
1. Камсыздандыруу уюмдарынын ишине мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандыруу ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
2. Ушул Мыйзамды ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү бөлүгүндө аткарууга мамлекеттик контроль жүргүзүү төмөндөгүлөргө жүктөлөт:
1) автомобиль транспорттун пайдаланууга карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын (мындан ары - МАИ) бөлүмдөрүнө;
2) темир жол, суу жана аба транспортторун пайдаланууга карата транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-6" title="6-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>