# 5-берене. Жарандык жоопкерчилиги ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууга жаткан жактар

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 5-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-5

---

1. Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөрдү темир жол, суу, аба жана автомобиль транспортунда ташууну жүргүзүүчү ташуучу-резиденттердин жарандык-укуктук жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандырылууга жатат.

2. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу ар бир транспорт каражатын камсыздандыруу ташуучунун жарандык жоопкерчилигине жатат.

Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилигин ыктыярдуу камсыздоо келишимин түзүү ташуучуну анын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү милдетинен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-6)
