# 3-берене. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу объектиси

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 3-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-3

---

1. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун (мындан ары - ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) объектиси болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жүргүнчүлөрдү ташууда алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлктөрүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча ташуучунун милдетине байланыштуу камсыздандыруучунун (ташуучунун) мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.

2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелчилигине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча жарандык жоопкерчиликтин келип чыгышы кирет, ага төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан жоопкерчиликтер кирбейт:

1) ташуучу менен эмгектик же жарандык-укуктук мамилелерге ылайык жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтык милдетин аткарууда камсыздандырылуучунун өзүнө же анын кызматкерине зыян келгенде;

2) алынбай калган пайданы калыбына келтирүү боюнча милдеттер пайда болгондо, моралдык зыян келтирилгенде;

3) сыноолорго, мелдештерге транспорт каражаттары менен катышып жаткан мезгилде, же атайын бөлүнгөн жайларда үйрөнүү үчүн машина айдоодо, ошондой эле транспорт каражаттарына жүк жүктөөдө, түшүрүүдө, анын ичинде суудан өткөрүүдө адамга же башка адамдын мүлкүнө зыян келтирилгенде;

4) курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булгаганда;

5) кызматкерге келтирилген зыянды калыбына келтирүүдө, иш берүүчүнүн чыгымын калыбына келтирүү боюнча милдетин аткарууда;

6) айдоочу (учкуч, оператор, машинист ж.б) тарабынан өзү башкарган транспорттук каражаттарга жана ага чиркемелерге, аларга орнотулган жабдууларга зыян келгенде;

7) төмөндөгүлөрдү кошкондо жүк катары ташылуучу баалуулуктарга зыян келгенде:

- асыл металлдардын уютмасы жана алардан жасалган буюмдар;

- асыл таштар жана зергерлик буюмдар;

- банкноттор жана монеталар;

- облигациялар, төлөм каражаттары жана башка түрдөгү баалуу кагаздар;

- искусство чыгармалары;

- таберик жана сейрек учуроочу буюмдар, коллекциялык нерселер;

- жүрүү документтери, паспорт жана өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтер, слайддар, фото сүрөттөр, фото негативдер, фильмдердин көчүрмөлөрү, иш кагаздары, чиймелер, пландар, схемалар, моделдер;

- диний ибадат буюмдары;

- үй жана асыл тукум жаныбарлары, өсүмдүктөр жана үрөндөр.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурларда ташуучунун жарандык жоопкерчилиги келип чыкканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар тарабынан келтирилген зыян төлөнүп берилүүгө жатат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-4)
